АК-ДӨБӨ - Аксы районундагы кыштак

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ДӨБӨ – Жалал‑Абад облусунун Аксы районунда­гы кыштак. Кербен шаар кеңешине караштуу. Райондун борбору Кербен шаарынан 4 км түндүк тарапта, Шамалды‑Сай темир жол бекетинен 80 км. Деңиз деңгээлинен 920 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3 002 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгек­тенет. Орто мектеп, бала бакча, ФАП, маданият үйү, китепкана бар.