АЙТБАЕВ Абдимиталип Айтбаевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙТБАЕВ Абдимиталип Айтбаевич [04, 03. 1940, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе (азыркы Чүй) облусу, Кемин району, Кара-Булак кыштагы] – философия илимдеринин доктору (2008). 1962-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин (КМУ) чет тилдер факультетин (немец тили боюнча) бүтүргөн. 1962-жылдан Ош Мамлекеттик педагогикалык институнунда окутуучу, КМУнун философия кафедрасында окутуучу, Кыргыз ССР Тышкы Иштер министрлигинде биринчи секретарь, Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык институтунда окутуучу, улук окутуучу, илимий коммунизм кафедрасынын доценти, кийин философия кафедрасынын доценти; Кыргыз Мамлекеттик медицина иститутунун, Чүй университетинин жана И. Арабаев атындагы КМУнун гуманитардык сабактар боюнча кафедра башчысы; Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде философия жана усулдук илимдер кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу. А. Айтбаев 76 илимий эмгектин, анын ичинде 2 монография, 17 окуу-методикалык куралынын автору.


Эмг.; Феномен менталитета: учебное пособие. – Бишкек, 2004. – 102 с. ж. б.