АЗРАКИТТЕР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АЗРАКИТТЕР – харижиттердин эң катаал жана келишпес секталарынын бири. Ага Нафи ибн аль Азрек (685‑жылы курман болгон) негиз салган. 7‑кылымдын экинчи жарымында халифатта харижиттердин көтөрүлүшү тез‑тез болуп турган, алардын айрымдары (мис., Ирак менен Иранда) ондогон жылдарга созулган. Алар кулдарды боштондукка чыгаруучулар жана эзүүдөгүлөрдү коргоочу катарында чыгышкан. Азракиттердин көтөрүлүшү 697‑жылы талкаланган.
М. Абдылдаев.