АЗИЯ АНТИЦИКЛОНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЗИЯ АНТИЦИКЛОНУ, С и б и р ь а н т и ц и к л о н у – Сибирдин, Борбордук жана Орто Азиянын аймагындагы атмосферанын жогорку басымы. Негизинен кышында материктин кескин муздашынан пайда болот. Кар аз түшкөн суук (айрым жерлерде –50°Ске чейин) аба ырайын алып келет. Азия антициклонунда атмосфералык басым 1070 мб жетет.