АДЪЮНКТУРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДЪЮНКТУРА (лат. adjunctus – кошулган) – аскердик жогорку окуу жайларда (ЖОЖ), илимий-изилдөө мекемелеринде илимий жана педагогикалык кадрларды даярдоонун формасы; жа­рандык окуу жайларындагы аспирантуранын аналогу. Адьюнктураны аяктап, диссертация коргогон­дор илимдин кандидаты деген окумуштуулук даражага ээ болушат.