АДДИТИВДҮҮЛҮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДДИТИВДҮҮЛҮК (лат. additivus – кошулуу­чу) – бүтүн чоңдуктун мааниси анын тиешелүү бөлүктөрүнүн маанилеринин суммасына бара­бар болушун туюнткан касиет. Мисалы, көлөмдүн аддитивдүүлүгү бүтүн нерсенин көлөмү аны түзүүчү бө­лүктөрдүн көлөмдөрүнүн суммасына барабар экендиги. Аддитивдүүлүккө беттин аянты, сызыктын узун­дугу, нерсенин массасы жана башкалар ээ болот.