АДАМЗАТТЫК КАПИТАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДАМЗАТТЫК КАПИТАЛ – адамдын экономикалык, социалдык жана башка жыргалчылыктарга жетүү үчүн пайдаланылуучу билимин жана энергиясын, инновациялык потенциалдарын бириктирет. Адамзаттык капитал аны өнүктүрүүгө кеткен сарптоолор менен түздөн-түз байланышкан. Ал материалдык эмес өндүрүштүн инвестициялык тармагы катары каралат.