АВТОБИОГРАФИЯЛЫК ЧЫГАРМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОБИОГРАФИЯЛЫК ЧЫГАРМА – жазуучунун өзүнүн өмүр жолуна негизделип жазылган чыгарма. Мындай чыгармалар автобиографиялык роман, повесть, аңгеме, эскерүү, кат жана башка жанрларда жаралат. М. Элебаевдин «Узак жол» повести, А. Токомбаевдин «Автобиографиялык фрагменттер», А. Осмоновдун «Жазуучулук баяным», К. Акиевдин «Баскан жол» сыяктуу чыгармалары акын-жазуучулардын өз өмүрү жөнүндөгү баян-эскерүүлөрү автобиографиялык чыгарма болуп эсептелет, к. Мемуар.