АВИНЬОНДОГУ ДРАМА ИСКУССТВОСУНУН ФЕСТИВАЛДАРЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
АВИНЬОНДОГУ ДРАМА ИСКУССТВОСУНУН ФЕСТИВАЛДАРЫ – Авиньон шаарында (Франция) өтүүчү театр фестивалдары. 1-фестивалды 1947-жылы Ж. Вилар уюштурган. Спектаклдер ачык асман астында көшөгөсүз, жасалгасыз өткөрүлгөн. Авиньондогу фестивалга ар кандай мамлекеттердин театр коллективдери катыша алат.