АБДЫРАХМАНОВ Төлөбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДЫРАХМАНОВ Төлөбек Абылович  [01. 01. 1962, СССР, Кыргыз ССРи, Тянь-Шань (азыркы Нарын) облусу, Тянь-Шань (азыркы Нарын) району, Куланак айылы] – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (2011), доцент (2006), тарых жана саясат таануу адистиктери боюнча профессор (2014). Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген кызматкер (2021). Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти (2021). СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин (КМУ) тарых факультетин (1987), Кыргыз ССР Илимдер академиясынын аспирантурасын (1991) бүтүргөн. 1991–1992-жылдары КМУнун тарых факультетинде лаборант, 1992–1996-жылдары окутуучу, 1996–2001-жылдары доцент, 1998–2001-жылдары Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин «Кыргыз таануу» окуу-илимий борборунун директору, 2001–2005-жылдары И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык университетинин окуу-инспекциялык дирекциясынын башчысы, директору, 2005–2006-жылдары И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча департаментинин директору, 2006–2010-жылдары гуманитардык билим институтунун директору, 2010–2022-жылдары И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин биринчи проректору, окуу иштери боюнча проректору, ректору, 2022–2024-жылдары Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин ректору. Илим жана билим берүү тармагындагы мыкты жетишкендиктери үчүн «ЭКО» (Экономикалык Кызматташтык Уюму) сыйлыгынын лауреаты, Түрк дүйнөсүнүн илим жаатындагы жетишкендиктери үчүн «Эскишехир» сыйлыгынын лауреаты (Түркия). Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын (ЖАК) мүчөсү, ЮНЕСКО иштери боюнча КР Улуттук комиссиясынын мүчөсү. 300дөн ашык илимий, илимий-теориялык, илимий-методикалык жана илимий-популярдуу эмгектердин (анын ичинде 16 монография, 15 окуу куралы) автору жана авторлош. Медалдар менен сыйланган.