АБДЫЛДАЕВ Табылды

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДЫЛДАЕВ Табылды (02. 03. 1932, СССР, РСФСР, Кыргыз АССРи, Ысык-Көл району, Бостери айылы – 17. 10. 2000, Бишкек) – философия илимдеринин доктору (1968), профессор (1969). 1952-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү (1989).

Файл:АБДЫЛДАЕВ 443.png

1956-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетин бүтүрүп, ошол эле жерде окутуучу, улук окутуучу, доцент, 1966–1988-жылдары Кыргыз Мамлекеттик Медицина институнунун философия кафедрасынын башчысы, 1988–2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын философия жана укук институтунда бөлүм башчы болуп иштеген. Адам экологиясынын философиялык маселелери боюнча адис. Анын илимий эмгектери негизинен биологиялык түр жана түрдүн келип чыгышынын методологиялык маселелерине арналган. Т. Абдылдаевдин изилдөөлөрү илимдин өнүгүшүнүн перспективалуу багыты башкача айтканда азыркы мезгилдин кеңири экологиялык проблемалары менен тыгыз байланышкан. Ал Бишкек шаарындагы философтордун илимий эмгектеринин жогорку окуу жайлар аралык тематикалык жыйнагын чыгарууну уюштурган. Анын жетекчилиги, редакциялоосу менен КММИнин философия кафедрасынын жана экология боюнча бөлүмдүн кызматкерлеринин коллективдүү монографиясы, 8 илимий эмгек чыккан. 70тей илимий эмгектин (анын ичинде 12 монография) автору.
Эмг.: Философские вопросы о виде. Ф., 1966; Понятие «вид» в современной биологии. Ф., 1971; Соотношение различных тенденций в исследовании уровней организации живой природы. Ф., 1975; Причинно-следственные связи во взаимоотношении общества и природы (в соавторстве) Ф., 1986.