АБДРАЕВ Кутубай

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДРАЕВ Кутубай [1932, СССР, Кыргыз АССРи, Сталин (азыркы Нарын облусу, Кочкор району), Көк-Жар кыштагы –18. 03. 2014, ошол эле жер] – малчы (1949-жылдан), Социалисттик Эмгектин Баатыры (25. 12. 1976). Кыргыз ССРинин айыл чарбасына эмгек сиңирген устаты (1982). Нарын облусунун Кочкор районундагы Соң-Көл совхозунда баш чабан. Малдын кунардуулугун арттырууда чоң ийгиликтерге жетишип, 1972-жылы ар жүз тубар койдон 148ден козу, 5 кгдан жүн, 1975-жылы тубар койдун ар жүзүнөн 175 козу, 5,5 кгдан алган. 1975-1980-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин 9-чакырылышынын депутаты. Үч Ленин ордени, Октябрь Революциясы, Монгол Эл Республикасынын «Алтын годос одон» ордендери менен сыйланган.

Файл:АБДРАЕВ 117.png