АБА АГЫМЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБА АГЫМЫ – тропосферада жана стратосферада жаралып, зор мейкиндикти ээлеген шамалдар системасы. Атмосферанын жалпы циркуляциясына (циклондор, антициклондор, муссондор, пассаттар) кириши же жергиликтүү мааниге ээ болушу (бриз, тоо-өрөөн шамалдары жана башка) ыктымал.