«КӨГҮЛТҮР ЫСЫК-КӨЛ»
«КӨГҮЛТҮР ЫСЫК-КӨЛ» – Чолпон-Ата курорттук районунда жайгашкан, жыл бою иштөөчү эң ири санаторий. 1965-жылдан иштейт. Бишкектен 250, Балыкчыдан 80, Караколдон 145 км алыстыкта ж-а деңиз деңг. 1610 м бийиктикте жайгашкан. Чолпон-Ата курорттук районунда Ысык-Көлдүн башка жерлерине салыштырганда күн радиациясы өтө күчтүү, абасы таза. Санаторийде учуктан башка өпкө ооруларын, нерв системасынын функциялык бузулушун, кан тамыр, жүрөк ооруларынын кээ бир түрүн дарылайт. Суу ж-а баткак м-н дарылоочу жайы, ванна, баткак берилүүчү кушетка, бассейн, кычкылтек м-н дарылочу бөлмө, ингаляторий, тиш кабинети ж. б. бар. Оорулууну дарылоодо электр тогу ж-а жарыгы, дарылоочу физ-ра, укалоо, климат кеңири пайдаланылат. Клиникалык, биохим. лабор. ж. б. иштейт. Алар учурдун та-

лабына шайкеш аппараттар м-н камсыз кылынган. Жайкы, кышкы клубу, көрүү залы, китепкана, атайын пляж ж-а кайык станциясы бар.
Көл суусу туздуу, темп-расы жайында 20–22°Сге
жетет. Сууга түшүү сезону – июндан сентябрга
чейин.