«КҮЛГААКЫ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КҮЛГААКЫ» – кыргыз эл дастаны. Негизги темасы – aта журтту коргоо, идеясы – калк достугун бекемдөө. Дастандагы окуялар кыргыз эли менен калмактардын ортосунда 16–18-кылымда болгон кагылышты чагылдырат. «Күлгаакынын» качан пай­да болгону ж-дө так маалымат жок. Дастан­дын жаралышына Күлгаакы ж-дөгү уламыш, санжыралар негиз болгон. Дастандын баш каар­маны Күлгаакы – калмак ханынын кыргыз аялдан төрөлгөн кызы. Ал 14 жашында эле калк­ка кайрымдуу, адилет эл башкаруучу болгон. Күлгаакы кыргыз жигит Гүлжигитке турмуш­ка чыгып, калмак менен кыргызды достоштурган. Дастандагы Догон, Долухан, Таргын – терс кейипкерлер. Алар кол курап келип, Күлгаакы менен Гүлжигитти өлтүрөт. Бирок дастанда ади­леттүүлүк, акыйкат жеңип, окуя калмактардын кыргыз жергесинен куулушу менен аяктайт. Дас­тан Орозбай Урманбетовдун варианты б-ча басмадан чыгып (1969), окурмандарга тартууланган.