«КЫЗЫЛ УЧКУН»
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
«КЫЗЫЛ УЧКУН» – 1927-ж. Кыргыз пед. техникумунда уюшулган адабий ийрим (кружок). Ага кыргыздын 1920-жылдары жаңыдан өсүп келаткан чыгармачыл интеллигенциясы, ад-т м-н иск-вого шыктуу жаштар (У. Абдукаимов, М. Абдукаримов, А. Айылчинов, Т. Байжиев, К. Баялинов, З. Бектенов, Ж. Бөкөнбаев, М. Дөгдүров, К. Жантөшев, Т. Жолдошов, К. Жумашев, К. Ибраимов, А. Идирисов, С. Карачев, Ш. Көкөнов, К. Маликов, С. Нааматов, К. Рахматуллин, Т. Саманчин, С. Сасыкбаев, Р. Шүкүрбеков, М. Элебаев, К. Эшмамбетов ж. б.) топтолгон. Ийрим расмий болбосо да, бардык чыгармачыл уюмдардын милдетин аткарган. Ийрим кийин (1932) Кыргыз пед. ин-ту ачылганда да иштеген. Көптөгөн кыргыз акын-жазуучу, ад-тчы, педагог ж. б. кесип ээлери «К. у-дан» таалим алышкан.