«КЫЗЫЛ ГҮЛ»
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
«КЫЗЫЛ ГҮЛ» – кыргыз адабиятынын тарыхындагы алгачкы ыр жыйнак. 1927-жылы Москва шаарында араб тамгасы менен 3 миң нускада басылып чыккан. Жыйнакка А. Токомбаев, С. Карачев, М. Элебаев, Ж. Жамгырчиев, М. Токобаев ж ана башка жазуучулардын ырлары, оошогндой эле 1925-жылы К. Тыныстанов орусчадан которгон «Интернационал» жана 1926-жылы К. Баялинов которгон М. Ю. Лермонтовдун «Үч курмасы» да кирген.