«КОРКУТ АТА КИТЕБИ»
«КОРКУТ АТА КИТЕБИ» («Китаби дедем Коркут», толук аты – «Китаби дедем Коркуд ала лисаны таифеи огузан» – «Огуз урууларынын тилиндеги Коркут атанын китеби») – түрк элдеринин көөнө тарыхы, кылымдагы турмуш абалы, байыркы салт-санаасы, үрп-адаты, акындык-чечендик өнөрү тууралуу баяндаган тарыхый көркөм мурас. 10–15-к-да жазылып алынган уламыштардан кайрадан адабий түрдө иштелип чыккан. «К. а. к-нин» кол жазма түрүндө Дрезденден бир, Ватикандан бир нускасы табылган. Дрездендегиси 12 ырдан (баатырдык дастандан), Ватикандагысы 6 ырдан турат. Экөөнүн тең тексти окшош. «К. а. к.» орус, немис, түрк, италян тилдерине которулган. Көлөм жагынан чоң ж-а мазмуну терең Дрезден нускасы окумуштуулар арасында кеңири белгилүү. 1815-ж. немис чыгыш изилдөөчүсү Г. Ф. Дигс бул нусканын сезгизинчи баянын немис тилине которгон. 1859-ж. Теодор Нелдеке «К. а. к.» толук которууга киришкен. Бирок ал аягына чыкпай, Германияда окуп жүргөн шакирти В. В. Бартольдго өткөрүп берген. В. В. Бартольд 1922-ж. орус тилине толук которуп, басмага даярдаган, бирок көзү тирүүсүндө китеп жарыкка чыккан эмес. Бул котормо 1962-ж. гана В. М. Жирмунский, А. Н. Кононовдордун редакциясында басылып чыккан. Кыргыз тилине түп нусканын транскрипциясынан И. Абдувалиев, Т. Абылкасымова, Г. Сатимкуловалар которуп, 2004-ж. жарыкка чыккан. Эпос кириш сөз м-н башталып, акылман ж-а ырчы, көп жашаган, «көзү ачык»
Коркут атанын өмүрүн баяндайт. Эпосто бирдиктүү сюжет жок. 12 бөлүмдүн ар бири өз алдынча бүткөн окуяны баяндайт. Боюндур-хан, Салор-Казан ж-а анын уулу Аруз башында турган огуз жоокерлеринин баатырдык жортуулдары, алардын «динсиздер» (грузин, абхаз, грек ж. б.) м-н болгон согушу, басып алган Кавказ жерлеринде өз бийлигин орнотушу эпостун негизги мазмунун түзөт (9 бөлүмү ушул темага арналган). 10-бөлүмдө огуздардын ич ара жаңжалдары, «Дука кожонун уулу эр Домрул баяны» деген легендада (5-бөлүм) ажал м-н кармашкан Домрул баатыр ж-а күйөөсүнүн ордуна өз жанын кыюудан кайра тартпаган Домрулдун аялынын эр жүрөктүүлүгү, 6-бөлүмдө Кан-Туралынын үйлөнүшү баяндалат. «К. а. к.» – огуздардын гана эмес, жалпы эле түрк тилдүү элдердин фольклору м-н тарыхын изилдеп үйрөнүүдө баалуу тарыхый эстелик.
Ад.: Книга моего деда Коркута (с критическими статьями В. В. Бартольда, А. Ю. Якубовского и В. М. Жирмунского). М., Л., 1962; Коркут ата китеби. Б., 2004.