«КАМБАРКАН» ЭТНОГРАФИЯЛЫК-ФОЛЬКЛОРДУК АНСАМБЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КАМБАРКАН» ЭТНОГРАФИЯЛЫК-ФОЛЬКЛОРДУК АНСАМБЛИ Ч. И с а б а е в атындагы музыкалык коллектив. 1987-жылы Кыргыз мамлекеттик филар­мониясынын алдында уюшулган. Ансамбль Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2002). 1997-жылы Ч. Исабаевдин ысмы берилген. Ансамбль комуз, кыл кыяк, сурнай, керней, жылаажын, сыбызгы, темир жана жыгач ооз комуз, аса таяк, зуулдак, дирилдек, добулбас, чоор, чопо чоор, доол жана башка элдик музыкалык аспап­тардан турат.

Аларды Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, уста О. Кенчинбаев жасаган. Ан­самблдин негизги репертуарын комузчулар М. Күрөңкөев, К. Орозов, Ы. Тумановдун, обон­чулар Б. Эгинчиев, Ж. Шералиев, М. Баетов, А. Огомбаев, К. Тагаев, Р. Абдыкадыров жана башкалардын чыгармалары түзөт. Ансамблдин коштоосун­да С. Садыкова, Н. Абдрахманов, Б. Шатенов, Д. Кангелдиева жана башка ырчылар концерт тартуу­лап турушат. 1993-жылдан ансамблдин көр­көм жетекчиси Э. Жумабаев, дирижёру Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Р. Жумакунов. Ан­самблге 2000-жылы Германияда өткөн Бүткүл дүй­нөлүк ЭКСПО – 2000дин алтын медалы ыйга­рылган. Көз карандысыз мамлекттер шериктештиги өлкөлөрүндө, Түркия, Жапония, Франция, Кытай, Германия жана башкаларда гастролдо бол­гон.