«КАБАР» УЛУТТУК МААЛЫМАТ АГЕНТТИГИ
«КАБАР» УЛУТТУК МААЛЫМАТ АГЕНТТИГИ – КРдин мамлекеттик маалымат органы. КП(б) Кыргыз обкомунун 1937-жылдын 17-январындагы токтомуна ылайык Кыргыз ССР ЭКС ошол эле жылдын 28-январында «ТАССтын Кыргыз телеграф агентствосун уюштуруу жөнүндө» чечим кабыл алган. Кыргыз телеграф агенттиги өз ишинде ТАССка тиешелүү негизги милдеттерди жетекчиликке алган. Республиканын саясий, экономикалык ж-а маданий турмушун, коомдук уюмдардын чечимдерин, иш-аракеттерин, эл чарба пландарынын аткарылышын, илим-техниканын өнүгүшүн, маданият жаңылыктарын, ошондой эле Совет мамлекетинин ички ж-а тышкы саясатын ж. б. окуяларды кабарлап турган. Бюллетень, маалымат, фотосүрөттөрдү жыйноо ж-а таратуу максатында өзүнүн байланыш каражаттары м-н жабдууларын, ошондой эле Кыргыз ССР байланыш министрлигинин радио, телетайп, факс каналдарын пайдаланган. 115 өлкөнүн миңден ашуун агенттиктери, маалымат министрликтери, басма сөз, телекөрсөтүү ж-а радиоуктуруу компаниялары КырТАГдын абоненттери болгон. Жылына 800 басма табактан ашуун республикалык ж-а чет өлкөлүк маалыматтар кыргыз тилине которулуп тургандыктан, агенттик республикадагы котормо ишинин да борборуна айланган. 1992-жылы КР Өкмөтүнүн токтому м-н Кыргыз Телеграф агенттиги мамлекеттик «Кыргызкабар» маалымат агенттиги болуп кайрадан түзүлгөн. 1995-жылы улуттук «Кабар» маалымат агенттиги аталган. Иш-аракеттерине олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген. Эл аралык маалыматка өз алдынча чыгууга, чет өлкөлөр м-н байланыштарды күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Мекеменин материалдык-техникалык базасын чыңдоого 1996-жылы ЮНЕСКОнун көрсөткөн техникалык жардамынын натыйжасында Кыргызстанда биринчи болуп Интернет тармагын өрчүтүүгө көңүл бурулуп, биринчилерден болуп интернетке оперативдүү маалыматты кыргыз тилинде чыгарган. 1999-жылы Ош шаарында филиалы ачылып, өлкөнүн түштүгүнөн маалымат алып туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Маалымат талдоо бөлүмү материалдарды иргеп, Интернетке чыгарып, экономикалык, саясий кабарларды, чет өлкөлүк жаңылыктарды, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү окуялардын күндөлүк баяндамаларын жарыялайт. Маалыматтар күн сайын кыргыз, орус, түрк, англис тилдеринде чыгарылат. «Кабар» агенттигинин архивинде 50 миңден ашык сүрөт (негативдер) сакталып турат. 1997-жылдан британиялык «Рейтер» маалымат агенттиги «Кабар» агенттиги м-н кызматташып, спутник байланышы аркылуу күн сайын 200дөн ашык фотосүрөт ж-а тексттик маалымат берип турат. 1998-жылдан Кытайдын «Синьхуа» маалымат агенттиги англис, орус ж-а кытай тилдериндеги 300дөн ашуун тексттик маалымат м-н камсыз кылат. Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын мамлекеттик агентчиликтери м-н да туруктуу өз ара маалымат алмашуу жүргүзөт. «Кабар» агенттиги Ислам мамлекеттеринин экономикалык кызматташтык агенттиктери уюмунун, Тынч Океан регионунун ж-а Азия өлкөлөрүнүн улуттук агенттиктери уюмунун мүчөсү. Жетекчилери: М. В. Морозов (1937–42), Н. В. Казанский (1942–49), Е. С. Янчик (1949–52), И. Е. Смирнов (1952–58), А. Ю. Сопиев (1958–72), Т. Иманалиев (1972– 86), С. Усупов (1986–92), А. Рыскулов (1992–95), А. Романов (1995–98), К. А. Таабалдиев (1998– 2007), Н. Момунов (2006–08), Н. А. Идинов (2008–10), Ж. Ш. Турдукожоев (2010-жылдан).
Ж. Тынаев.