«ДИВАНУ ЛУГАТ-ИТ-ТҮРК»
«ДИВАН ЛУГАТ-ИТ-ТҮРК» («Түрк тилдеринин түшүндүрмө сөздүгү») – 11-кылымдын экинчи жарымында жашаган энциклопедиячы түрколог, тилчи-лексиколог Махмуд Кашгаринин эмгеги. Сөздүктө 7500дөн ашык түрк сөзү камтылган: ошол кездеги түрк тилдеринин фонетикалык жана граммататикалык, диалектилик өзгөчөлүктөрү, түрк урууларынын тарыхы, жайгашкан аймактары, этнографиясы, оозеки көркөм чыгармаларынан үлгүлөр, тилдеринин жиктелиши жөнүндө маалыматтар берилген. Сөздүктүн дагы бир баалуулугу – ал түзгөн дүйнөнүн ошол мезгилдеги тегерек картасы болуп эсептелет. Андан тышкары эмгекте 290 макал-ылакап, 100 чамалуу ыр, 100гө жакын шаар-кыштактардын (мис., Аргу, Баласагун, Барсган, Фараб ж. б.), географиялык аталыштар (мис., Ертиш, Иле, Жейхун, Ысык-Көл ж. б.), уруулардын аттары (мис., аргу, кыркыз, басмыл, чигил, тукси, ягма ж. б.), аларга тиешелүү түшүнүктөр, аныктамалар келтирилген.

Анын ичинен түрк уруусунун бири катары кыргыздар бир нече жолу эскерилип, перстерди (фарси) түрктөр жек көрүп, аларды «тат» (азыркы кыргызча «дат») деп атыктырганын, перс сөзүн кошпогон кыргыз, жикилдер ж.б. түркчө таза сүйлөрүн баса белгилеген. Түрк элинин каада-салты тууралуу мисалдардын биринде «киркиз, йабаку, кыпчактар» кандайдыр бир себептерге байланыштуу келишим түзөрдө алдыларына кылыч коюп, убаданы бузсам «бул көк болуп кирип, кызыл болуп чыксын» деп ант-шерт беришерин белгилеп өтөт. М. Кашгари түзгөн карта жана сөздүктөгү кээ бир аталыштар боюнча айырмачылыктын бар экенинен улам, алардын кийин түзөтүлгөнү байкалат. Изилдөөчүлөрдүн пикиринде кол жазма кийин мамлюктар курган өлкөдө калып, 1266-жылы Мухаммад ибн Аби Бакр ибн Аби-л-Фатх ас-Сави анын түп нускасынан көчүрмө кылып алган. 1400–1401-жылдары сөздүк каирлик Мухаммад ибн Ахмад Хатаб Дараййа деген адамдын колунда болгон. Мамлюктардын өлкөсү Осмон империясынын курамына кошулгандан кийин 1517-жылы сөздүк Стамбул шаарына алынып келинген. Көчүрмөнү 1914-ж. Стамбулдун эски китеп базарынан Али Эмири сатып алган. Ал азыр Стамбул шаарындагы Файзулла Эфенди медресесинде жайгашкан Миллет китепканасында сакталып турат. Сөздүктү алгач К. Рифат иретке келтирип, 1–2- (1915) жана 3-томун (1917) Стамбулдан басып чыгарган. Анын негизинде немец чыгыш таануучусу К. Брокельманн 1928-жылы «Орто түрк тилинин сөздүгүн» [Mahmud al-Kašgharis Darstellung des türkischen Verbalbaues. Keleti Szem le, XVIII (1918-1919)] жарыялаган. Алардан кийин Б. Аталай түрк тилине (1939–43), С. Муталлибов өзбек тилине (1960–63) которгон. С. Муталлибовдун котормосу (3 том) 1967-ж. Ташкенттен басылып чыккан. Сөздүктүн географиялык картасын И. Умняков изилдеп, ал эки жолу жарык көргөн. 1950-жылдары чыгыш таануучу О. Прицактын Караханиддердин тарыхына жана Махмуд Кашгаринин өмүр баянына байланыштуу талаштуу маселелерге арналган макалалары жарыяланган. 1999–2003-жылдары казак окумуштуусу З.-А. Ауэзова өз алдынча араб тилинен которуу үстүндө иштеп, бул эмгек 2005-жылы жарыкка чыккан. Кыргыз адабияты, тил таануу илиминде Сөздүк өткөн кылымдын 70-жылдарынан окумуштуулар Б. Орузбаева, Б. Осмоналиева, З. Мусабаева ж. б. тарабынан кызуу изилдене баштап, акыркы мезгилде Г. Жамакулова, И. Султаналиев Т. Токоевдер котормо үстүндө иштешкен. Кыргыз тилине которулган сөздүк 2017-жылы жарык көргөн.
Ад.: Жузе П. К. Дивану лугат-ит-түрк// «Известия восточного факультета Азербайжанского государственного университета им. В. И. Ленина», Т. 1, 1926; Кононов А. Н. Махмуд Кашгарский и его Дивану лугат-ит-түрк//«Советская тюркология», Баку, 1972, Орузбаева Б. О. Словарь Махмуда Кашгари как источник для изучения лексики киргизского языка в историческом плане//«Советская тюркология», 1972; Осмоналиева Б. Об отражении лексики киргизского языка в словаре Махмуда Кашгари «Дивану лугат-ит-түрк» //«Советская тюркология», 1972; Чоротегин Т. К. Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын «Дивану лугат-ит-түрк» сөз жыйнагы (1072–1077). Б., 1997; Махмуд ал-Кашгари, Диван Луга ат-Турк /Пер., предисл. и комм. З.-А. М. Ауэзовой. А., 2005; Султаналиев И. «Дивану лугат ат-турк» Махмуда Кашгари и современный кыргызский язык. Б., 2011. Махмуд Кашгари. Түрк тилдеринин сөздүгү – Диван лугати ат-түрк: I-II-III том, /которгон: Т. Т. Токоев, К.С. Кошмоков. Б., 2017.