«А» тамгасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
«А» – 1) Кыргыз алфавитиндеги биринчи тамга. Латын алфавитинде, Кирилл графикасында колдонулат. Адегенде байыркы финикия жазмасында жаралып, кийин байыркы грек графикасы аркылуу латын алфавитине, андан кириллицага өткөн; 2) Кыргыз тилинде кең, жоон, ачык, кыска, созулма (А тамгасынын эки ирет жазылышы аркылуу туюнтулат) үндүү тыбышты билдирет; 3) Байыркы кыргыз (түрк) жазмасында - Г сөлөкөтүндө жазылган. Сүйлөм тутумунда байламта катары да колдонулат; 4) Чет тилдерден кирген сөздөрдүн башында кыргызча «сыз» мүчөсүндөй терс маанини туюндурат (мис., алогикалык - логикасыз; асимметрия - симметриясыз); 5) Иретти туюнтууда «биринчи» деген маанини билдирет.
| Жазуунун түрү | Белгиси | Мезгили |
| Орхон-Енисей жазуусу | 𐰁 | V - Х-к. |
| Араб алфавити | آ | XVIII к - 1927-ж. |
| Латын алфавити | А а | 1927 - 1941-ж. |
| Орус (кириллица) алфавити | А а | 1941-жылдан |