КӨГАРТ 1
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨГАРТ (фарсыча кух – бийик ж-а байыркы кырг. арт – ашуу; бийик ашуу маанисинде) – Сузак району аркылуу аккан суу. Кара-Дарыянын оң куймасы. Уз. 105 км, алабынын аянты 1370 км2. Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталынан башталып, Көгарт өрөөнү аркылуу агат. Ири куймалары: Кызыл-Суу, Кара-Март, Үрүм-Башы, Жошо, Кара-Алма ж. б. Кар, булак ж-а жамгыр сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 18,3 м3/сек, эң азы январда 5,43 м3/сек, эң көбү май айында 58,8 м3/сек. Суусу апрелде кирип, августта тартылат. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Мундуз, Жоон-Күнгөй, Сузак ж. б. кыш. жайгашкан.