КӨГАРТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨГАРТ – Ош обл-нун Кара-Кулжа районундагы
кыштак. Алайкуу айыл округуна караштуу. Сөөк ж-а Көгарт сууларынын кошулушундагы
өтөктө, деңиз деңг. 2400 м бийикте жайгашкан.
Райондун борбору Кара-Кулжа кыш-нан 120 км
чыгыш тарапта. Кара-Суу т. ж. бекетинен 208 км. Калкы 2962 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, клуб бар.