КӨБҮРГӨН 1
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨБҮРГӨН (Al l ium at rasangui ene um ) – өсүмдүктөрдүн лилия гүлдүүлөр тукумунун пияздар уруусундагы түрү. Көп жылдык чөп. Жалбырагы наштардай. Гүлү чатырдай топ гүлгө чогулган. Желекчелери кызгылт, кара темгилдүү.
Мөмөсү – кутуча. Майдан июлга чейин гүлдөйт ж-а мөмөлөйт. Кыргызстандын бардык аймактарында бийик тоонун таштак беттеринде кездешет.