КҮМҮШАЛИЕВА Сабира
КҮМҮШАЛИЕВА Сабира [19. 3. 1917, Пишпекке (азыркы Бишкек шаары) жакын Төкөлдөш кыштагы14. 9. 2007, Бишкек] – кино жана театр артисти, Кыргыз эл артисти (1964), Кыргыз Эл Баатыры (2001). 1932-жылы Фрунзе педагогикалык техникумун бүтүрүп, 1932–

1934-жылдары башталгыч мектепте мугалим, 1934-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык драма театрында актриса болуп иштеген. С. Күмүшалиева табигый таланты, аткаруучулук чеберчилиги менен кино жана театр искусствосуна болгон сүйүүсү ширелишип, бүтүндөй жан дүйнөсүн ээлеп алган. Ар бир образдын жүзүн ачууда С. Күмүшалиева баарынан мурда каармандын мүнөздүк өзгөчөлүгүн табууга умтулган. 75 жылдык өмүрүн кино жана театр искусствосуна арнап, кыргыз театры менен киносунда эле эмес, казак киносунда да өз изин калтырган. Ал алгач Карачач (К. Жантөшев, «Карачач»), Ситайхо, Зулайка (Ж. Турусбеков, «Ажал ордуна»), Телли (У. Гажибеков, «Аршин мал алан»), Зуура (М. Токобаев, «Кайгылуу Какей») жана башка

ролдорун аткарып, ийгиликке жетишкен. 1940-жылдарда Кузька (Н. Погодин, «Ааламдын жаралышы»), Л. Шевцова (А. Фадеев, «Жаш гвардия»), Күлгаакы (К. Жантөшев, «Курманбек»), Батыйна, Бурма (Т. Абдумомунов, «Каркыралар кайтканда», «Жыгылган оогонго күлөт» жана башкалар) сыяктуу каармандарды сахнага алып чыгып, чебер сүрөткер катары таанылган. Ошондой эле комедиялык, курч мүнөздүү образдарды да мыкты аткарган: Фан-и (Цао Юй, «Тайфун»), Мастан (А. Көбөгөнов, «Болот менен Тынар»), Майсалбүбү (Т. Абдумомунов, «Тар капчыгай»), Оңолкан (Б. Жакиев, «Атанын тагдыры»),

Шербет (А. Дыйканбаев, «Мүрөктүн суусу»), дүлөй кемпир (М. Тойбаев «Өчпөс жылдыз») жана башкалар. «Жапалак Жатпасов», «Алтын кыз», «Евгений Онегин», «Кыз жибекте» таасирдүү образдарды жараткан. Дүйнөлүк, кыргыз жана орус классикасында ондогон ролдорду («Отеллодо» Бьянка, «Он экинчи түндө» Мария, экөө тең У. Шекспирдики; «Бернард Альбанын үйү» Мария Хасефа, Г. Лорка; «Күнөөсүз күнөөлүүлөрдө» Гальчиха, А. Островский; «Акылдан азапта» Княгиня, А. Грибоедов жана башкалар) чебер ойногон. Кинодо 1957-жылы биринчи жолу «Муз жүрөк жөнүндө баян» тасмасында Айнакандын ролун аткарып, кийин «Эрте жаздагы турналар», «Жамийла», «Караш-караш окуясы», «Бакайдын жайыты», «Бөрү зындан», «Кызыл алма», «Ак куулар конгон айдың көл», «Лифти бар үйдөгү тепкичте», «Он үчүнчү небере», «Арман», «Атадан калган туяк», «Куш өмүр», «Фудзиямадагы кадыр түн», «Эл ичинде» көркөм тасмаларында мыкты образдарды жараткан. Өзгөчө Уркуянын энесинин («Отко таазим»), Карыздын («Ак кеме») бейнелери кыргыз киносундагы кайталангыс образдар болуп саналат. С. Күмүшалиева түрдүү пландагы масштабдуу мүнөз түзүүнүн өзгөчө чебери болгон. «Казакфильмдин» «Адам-бугу», «Боордошум», «Уул тууган», «Согуш учурундагы балдар» жана башка тасмаларына тартылган. Акыркы ролдорунун бири «Курманжан датка» спектаклинде башкы каармандын ички жан-дүйнөсүн, кулк-мүнөзүн, кеменгерлигин, даткалык милдеттин оорлугун жеткиликтүү ачып берген. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак» белгиси, «Эл достугу» ордендери жана «Ак шумкар» медалы менен сыйланган.