КУДАЙБЕРДИЕВА Гүлмира Зуклпукаровна
(КУДАЙБЕРДИЕВА барагынан багытталды)
КУДАЙБЕРДИЕВА Гүльмира Зулпукаровна(1962-жылы туулган, Кемин району, Ильич айылы) – медицина илимдеринин доктору (2001). Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси (1993). КММИни бүтүргөн (1985). Бүткүл союздук кардиология илимий борборунда (Москва) ординатураны (1987), Кыргыз кардиология ИИИнин аспирантурасын (1992) бүтүргөн, УКТБда лаборант, кенже, улук илимий кызматкер (1993–99). Түркиянын Адана шаарындагы университетте доцент, 2000-жылдан Ескишехир шаарындагы (Түркия) университетте профкссор. Кардиология боюнча адис. 120дан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 1 монографиясы бар.
Эмг.: Реперфузионная терапия при остром инфаркте миокарда (в соавторстве). Б., 2000.