КОШОЕВ 2
КОШОЕВ Марат Темирбекович (25. 6. 1961-ж. т., Ош обл., Кара-Суу ш.) –

юстициянын генерал-майору (2008), Юстициянын 1-класстагы кеңешчиси (1999). 1983-ж. КМУну бүткөн. 1983– 85-ж. Бишкек ш-ндагы 1- Май райондук, 1985–88-ж. Бишкек шаардык прокуратураларында тергөөчү, улук тергөөчү, 1988–91-ж. Кыргыз ССРинин прокуратурасында бөлүмдүн прокурору, 1991–93-ж. Чүй обл. прокуратурасында улук прокурор, бөлүмдүн начальниги, 1993– 98-ж. КРдин Башкы прокуратурасында бөлүмдүн прокурору, улук прокурору, башкармалыктын начальниги, 1998–2004-ж. Бишкек шаардык, 2004-ж. Аламүдүн райондук прокурорунун орун басары, 2004–08-ж. КРдин Президентинин администрациясында бөлүм башчынын орун басары, бөлүм башчысы, КРдин Куралдуу күчтөрүн реформалоо б-ча ведомство аралык комиссиянын мүчөсү, 2008-жылдан КРдин аскер прокурорубашкы прокурордун орун басары.