КОШОЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШОЕВ Темирбек (1. 8. 1931, Чүй обл. Кемин району, Кичи-Кемин айылы – 23. 6. 2009, Биш­кек) –

мамл. ишмер. Токмок токой-чарба мек­тебин (1950), К. И. Скрябин атн. а. ч. ин-тун (1957) бүтүргөн. 1957–58-ж. Кырг-н КП БКнын а. ч. бө­лүмүндө инструктор, 1958– -ж. партиянын Ош обко­мунун 2-секретары, 1960– -ж. Кара-Суу райаткому­нун төрагасы, 1961–62-ж. Кырг-н КП БКнын а. ч. бө­лүмүнүн башчысынын орун басары, 1962–63-ж. партия­нын Сузак райкомунун 1- секретары, 1963–78-ж. Ош облаткомунун төрагасынын 1-орун басары, төрагасы, 1978–81-ж. партиянын Ош обкому­нун 1-секретары, 1981–87-ж. Кыргыз ССР Жогор­ку Советинин Президиумунун төрагасы, 1987– 2006-ж. Жерг. жамааттар конгрессинин вице-пре­зиденти, «Децентрализация» программасынын менеджери болуп иштеген. СССР Жогорку Сове­тинин 2, Кыргыз ССР Жогорку Советинин 7 жол­ку депутаты. 3-даражадагы «Манас», Октябрь ре­волюциясы, эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Бел­гиси», Эл достугу ордендери м-н сыйланган.