КОВПАК Алексей Павлович
КОВПАК Алексей Павлович [11. 11. 1918, Украина Советтик республикасы, Екатеринослав губерниясы (азыркы Кропивницк облусу), Верхнеднепр уезди (азыркы Александрийск району), Зелёное кыштагы – 21. 10. 1968, СССР, Кыргыз ССРи, Чүй облусу, Кант шаары) – Даңк орденинин толук кавалери. Кызыл Армиянын катарына 1941-жылы чакырылып, Херсон шаарына жакын жердеги салгылашуулардын биринде оор жарадар болуп, туткунга түшкөн. Андан качып чыгып, 1943-жылы ноябрда кайрадан Кызыл Армиянын катарына чакырылган. 2-Украина фронтуна караштуу 7-гвардиялык армиянын, 81-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 235-гвардиялык аткычтар полкунда артиллерист болуп кызмат өтөп, Украина, Румыния, Венгрия жана Чехословакияны бошотууга катышкан. Түштүк Буг дарыясынын (Николаев облусу) өтүүдө көрсөткөн эрдиги үчүн 10. 05. 1944-жылы 3-даражадагы (№ 140180), 18. 11. 1944-жылы Румыниядагы Мегура кыштагында түз ок менен душмандын батареясын жок кылгандыгы үчүн 2-даражадагы (№ 13232), ошондой эле Чехословакиянын Барт кыштагы жана Вышков шаарын бошотууда көрсөткөн каармандыктары үчүн гвардиянын улук сержанты А. П. Ковпак 15. 05. 1946-жылы 1-даражадагы (№ 3776) Даңк ордендери менен сыйланган. 1948-жылы демобилизацияланып, Кыргызстандагы Кант шаарында жашап, темир жол станциясы жана кант заводунда иштеген.
Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.