КАЧЫБЕК (Ош облусундагы кыштак)
(КАЧЫБЕК 1 барагынан багытталды)
КАЧЫБЕК – Ош облусундагы кыштак. Ош шаардык кеңешине карайт. Деңиз деңгээлинен 970 м бийикте жайгашкан. Облустун борбору ж-а темир жол бекети Ош шаарынан 10 км батыш тарапта. Калкы 1161 (2004); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет.