КАРЫН (тамак сиңирүүчү орган)
КАРЫН – тамак сиңирүү органдарынын азыкты химиялык ж-а механикалык жактан иштетүүчү кеңейген жери. Карын бардык омурткалууларда ж-а көпчүлүк омурткасыздарда болот. Ал бездүү (тамак сиңирүүчү) ж-а булчуңдуу (майдалоочу) болуп бөлүнөт. Курт-кумурскаларда майдалоочу карын жакшы өөрчүгөн, ал эми бездүү карын айрымдарында гана болот. Ийне терилүүлөрдөн деңиз лилия-

сында, деңиз жылдызында өөрчүгөн. Оймок ооздуулар м-н кээ бир балыктарда өзүнчө мүчө болуп бөлүнгөн эмес. Жерде-сууда жашоочулар м-н сойлоочуларда даана бөлүнгөн. Куштардын карыны бездүү ж-а булчуңдуу бөлүктөн турат. Булчуңдуу карындагы майда таштар, кумдар жемди майдалайт. Кепшөөчүлөрдүн карыны татаал түзүлүштүү, 4 бөлүктөн (карын, таз карын, тогуз кат, жумур) турат. Адамдын карыны (аш казаны)
ич көңдөйүнүн жогорку бөлүгүндө орун алган. Сол жагында көк боор, астында уйку бези жатат. Карындын көлөмү ж-а анатомиялык түзүлүшү адамдын жашына, жынысына жараша болот. Орто жаштагы кишинин карынынын узундугу 25–30 смдей болуп, 2,5–3 лдей суюктук батат. Анын капталы 3 катмардан турат: сырткы катмары жалтырак жука чел кабыктан, ортоңку катмар узун ж-а туурасынан кеткен жылма булчуң талчаларынан, ички катмар былжырлуу суюктук, пепсин ферментин
ж-а туз кислотасын бөлүп чыгаруучу бези бар былжыр челден. Булчуң катмары жыйрылып ж-а бошоңдоп, карынга келген тамакты аралаштырып эзип, өлчөмү м-н аз-аздан он эки эли ичегиге чыгарат. Тамактын химиялык жактан өзгөрүүсү карын зилинин таасири м-н жүрөт. Ичкен тамак-аш кишинин карынында 3–8 саат сакталат. Карындын функциясын нерв ж-а гумор факторлору жөнгө салат. Ошондой эле, анын иштеши суу ж-а туз алмашууга, бөйрөк, ички секреция бездеринин кызматына, кан айланууга ж. б. процесстерге байланыштуу.