КАРИМОВ Абдукадыр

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(КАРИМОВ 2 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРИМОВ Абдукадыр (18. 03. 1955-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Суу району, Отуз-Адыр айылы) – ин­женер-механик, техника илимдеринин доктору (2003), профессор (2006), 1978-жылы ФПИни бүтүргөн. Ошол эле жерде инженер, окутуучу, доцент, кафедра башчысы (1978–93), ЖАМУда доцент, профессор, кафедра башчысы, сырттан окуу бөлүмүнүн про­ректору, окуу-методикалык башкармалыгынын директору (1993–2003), ОшТУда профессор, монито­ринг жана сапат департаментинин директору, декан (2003–05), 2005-жылдан ЖАМУда илимий иштер боюнча проректор, үзгүлтүксүз билим берүү институтунун директору. Машиналардын ж-а меха­низмдердин теориясы боюнча адис. 100дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 1 монография, 12 окуу кура­лынын автору.

Эмг.: Безмуфтовые электромеханические прессы с механизмами переменной структуры. Б., 2001; При­кладная механика (курсовое проектирование). Ош, 2005; Теория механизмов машин (учебное пособие). Ош, 2004; Электромеханика (учебное пособие). Жалал- Абад, 2007.