КАРА-СУУ (Токтогул районундагы кыштак)
(КАРА-СУУ 5 барагынан багытталды)
КАРА-СУУ – Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы кыштак. Жаңы-Жол айыл округуна караштуу. Жала-Бек тоосунун түштүк этегинде, деңиз деңгээлинен 940 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Токтогул шаарчасынан 2 км батыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 185 км. Калкы 1770 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенип, мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, мончо бар.