КАРАШЕВ Ташмат

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(КАРАШЕВ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАШЕВ Ташмат (1. 2. 1932-жылы туулган. Ош облусу, Өзгөн району, Кызыл-Дыйкан айылы) – физик, физика-математика илимдеринин кандидаты (1963), профессор (1992). КРдин илим ж-а техника жаатын­дагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2004), КРдин би­лим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери (2000). КМУну (1953), ошол эле жерде аспирантураны (1956) бүтүргөн. Ленинград инженердик-экономика институтунда окутуучу (1955–57), КМУда окутуучу (1957), улук окутуучу, доцент (1965), кафедра башчысы (1967–72), декан (1972–78), 1978-жыл­дан кафедра башчысы. Катуу нерселердин фи­зикасы боюнча адис. 50дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 6 окуу куралы жарык көргөн.

Эмг.: Механика (в соавторстве). Ф., 1972; Молеку­лярная физика. Б., 1996; Физика курсу (авторлош). Б., 2002.