КАЛМАК-АШУУ (Кемин районундагы кыштак)
(КАЛМАК-АШУУ барагынан багытталды)
КАЛМАК-АШУУ – Чүй облусунун Кемин районундагы кыштак. Чоң Кемин айыл округуна караштуу. Чоң Кемин суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1530 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Кемин шаарчасынан 45 км. Кыштак 1936-жылы негизделген. Калкы 645 (2022); негизинен мал м-н алектенип, дыйканчылыкта эмгектенет. Мектеп, ФАП бар.