КАЛДЫБАЕВ Кадырбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(КАЛДЫБАЕВ Кадырбек Абдылдаевич барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛДЫБАЕВ Кадырбек Абдылдаевич [3. 2. 1947-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Пржевальск (азыр­кы Каракол) шаары] – физик, физика-математика илимдеринин доктору (2001), профессор (2003). КРдин инженердик академиясынын академиги (2004). КМУну (1971), СССР ИАнын А. В. Шубников атындагы Москва кри­сталлография институтунун аспирантурасын (1976) бүтүргөн. Кыргыз ССР ИАнын органикалык эмес ж-а физикалык химия институтунда (1976–79), ПМПИде доцент, ка­федра башчысы, декан (1979–88), КМУнун Прже­вальск филиалында директордун орун басары, 1991–99-жылдарда К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде проректор. Россия ИАнын Москва кристаллография институтунда (1999–2001), 2001– 03-жылдарда Ысык-Көл мамлекеттик университетинде, 2003–08-жылдарда Кыргыз билим берүү академиясында президент, ЭББПИИде проректор (2008–09), 2009-жылдан И. Арабаев атындагы КМУда институттун директору. Ка­туу заттардын физикасы боюнча адис. Калдыбаевдин 50дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинде 1 монография, 1 ойлоп табуу, 12 окуу куралы жарык көргөн.
Эмг .: Гиротропия одноосных поглощающих кристаллов (в соавторстве). М., 2000.