КАКЫР (Кадамжай районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(КАКЫР 1 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАКЫР – Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыштак. Үч-Коргон айыл округуна караштуу. Кадамжай – Кызыл-Кыя автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 980 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 40 км. чыгыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 15 км. Калкы 3412 (2022); негизинен мал м-н алектенип, дыйканчылыкта эмгектенет.