КАЙЫҢДЫ (Борбордук Теңир-Тоодогу суу)
(КАЙЫҢДЫ 2 барагынан багытталды)
КАЙЫҢДЫ – Борбордук Теңир-Тоодогу суу, Сары- Жаздын сол куймасы. Ак-Суу районунун аймагында. Кан-Теңир тоо тоомунун түштүк-батыш тарабындагы Кайыңды мөңгүсүнөн башталып, Кайыңды өрөөнү аркылуу батышка агат. Узундугу 50 км, алабынын аянты 599 км2, анын 158 км2ин мөңгү ж-а түбөлүк эрибеген кар ээлеп жатат. Алабынын орточо бийиктиги 3800 м. Мөңгү, кар ж-а булак сууларынан куралат. Июль–август айларында агымдын жылдык көлөмүнүн 60–70%и агып өтөт, ноябрь–апрелде тартылат. Жылдык орточо чыгымы 10 м3/сек, эң көбү – 100 м3/сек, эң азы – 1,5 м3/сек. Негизги куймасы – Ат-Жайлоо суусу.