КАЙЫҢДЫ (Манас районундагы суу)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(КАЙЫҢДЫ 1 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫҢДЫ , Ч о ң К а й ы ң д ы, Ү л к ө н К а й ы ң д ы – Манас районундагы суу. Талас дарыясынын алабына кирет. Узундугу 43 км, алабынын аянты 282 км2. Агымы Чеч-Дөбө кыштагынан 8 км түндүк- батыштан үзүлөт. Кыргыз Ала-Тоосунун батыш бөлүгүнүн түштүк капталынан, айрым куймалары Эчкили-Тоодон агып түшөт. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1950 м. Жалпы узундугу 456 км болгон 184 куймасы бар; негизгилери – Кичи Кайыңды (20 км; алабынын аянты 79 км2), Сөгөт (15 км; 26 км2), Кара-Арча (14 км; 60 км2). Кар (90%) ж-а жамгыр (10%) сууларынан кура­лат. Марттан июлга чейин ташкындап, август– февралда тартылат. Көп жылдык орточо чыгымы 0,85 м3/сек. Суусу мол; апрель–май айларынын орточо чыгымы 3,0 м3/сек; суусу ноябрь–февраль айларында тартылат (0,15–0,25 м3/сек). Кайыңдыдан 1,65 м3/сек суу өткөрүүчү 6 сугат каналы чыга­рылган; негизгилери: Акпай, Кырк-Казык. Өрөөнүнөн Кайыңды, Чеч-Дөбө, Покровка кыштактары орун алган.