КАДЫРАЛИЕВ Казакбай

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(КАДЫРАЛИЕВ 2 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАДЫРАЛИЕВ Казакбай (1882-жылы туулган, Нарын облусу, Ат- Башы району, Дыйкан айылы – 1956, ошол эле жер) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1949).

Эмгек жолун Нарын облусунун Ат- Башы районундагы «Кызыл- Дыйкан» айыл чарба артелинде баштаган. 1943-жылдан жылкычы. Жылкы чарба­сын өнүктүрүүдө ж-а анын кунардуулугун арттырууда мыкты ийгиликтерди жара­тып, 1948-жылы 50 тубар бээ­ден 50 кулун алып, толугу м-н аман асыраган. Ленин, 2 Эмгек Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган.