ИСАБАЕВА
ИСАБАЕВА Валентина Абдылдаевна (27. 11. 1927-жылы туулган, Ысык- Көл облусу, Тоң району, Төрт-Күл айылы – 2001, Бишкек) – физиолог, медицина илимдеринин доктору (1976), профессор. (1977), Кыргыз ССР

ИАнын корреспендент мүчөсү (1961). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1977). КММИни бүтүргөн (1951). Кыргыз ССР ИАнын крайлык медицина институтунун сектор башчысы (1955–57), Кыргыз ССР курортология ж-а физиотерапия ИИИнин директорунун орун басары (1957–62), КММИнин ректору (1962–71), Кыргыз ССР ИАнын бийик тоо физиологиясы ж-а эксперименттик патология институтунун директору (1971– 82), 1983-жылдан ушул эле институтта лаборатория башчысы, КММИде жетектөөчү адис болуп иштеген. Кандын физиологиясы ж-а табигый адаптация физиологиясы боюнча адис. Исабаеванын изилдөөлөрү тоодо ж-а эксперименттик гипоксия шартында жалпы биологиялык мааниси бар адаптациянын физиологиялык негизинин бир катар олуттуу закон ченемин түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн. 200дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 13 монография, 4 окуу китептин автору. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (5–8-шайланышынын) депутаты, Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Хеморецепторы гемокоагуляции и высокогорье (в соавторстве). Ф., 1973; Система свёртывания крови и адаптация к природной гипоксии. Л., 1983; Медицинская география Киргизии (в соавторстве). Ф., 1988.