ИНТОНАЦИЯ (музыкада)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ИНТОНАЦИЯ 1 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНТОНА́ЦИЯ м у з ы к а д а – 1) өз ара байла­ныштуу бир нече мааниге ээ музыкалык теориялык ж-а эсте­тикалык түшүнүк. Кеңири мааниде – музыканын үн катарларынын бийиктете уюштурулушу. Музыкалык интонация речтик белгилөөдөн үндөрдүн бийиктиги ж-а алардын лад системасына багынгандыгы м-н айырмаланат. Интонация деп кээде экспрессиялуулук, синтаксистик, мүнөздөмөлөөчү, жанрдык мами­лелер м-н шартталган музыкалык ой айтуу манерасын түшүнөбүз. Музыкалык интонация жөнүндөгү окуу антикалык мез­гилде башталып, орто кылым ж-а Кайра жаралуу доорунда, андан кийинки мезгилдерде да улан­тылган; 2) музыкалык тондордун бийиктигин ж-а алар­дын айкалышын акустикалык тактыкта кайра уктуруу ченеми; 3) белгиленген үн бийиктиги бар музыкалык аспаптарды жасоодо ж-а толгоодо алар­дын ар бир үнүнүн бийиктиги, катуулугу ж-а тембри боюнча тегиз ж-а так угулушу.