"ИНТЕЛ"
"И́НТЕЛ" (INTEL) – микропроцессор ж-а жарым өткөргүчтөрдү жасоочу дүйнөдөгү эң чоң ишкана; АКШда (Калифорния) негизделип, электроника боюнча адистешкен корпорация. Ал интегралдык схемаларды (Integrated electronics) иштеп чыгат. Дүйнөдө биринчи болуп көлөмү 1 бит болгон динамикалык эске ээ кристалл иштеп чыккан ж-а микропроцессор жасаган. «Интел» сырты металл, карапа, гелий кабыкчасы м-н капталган, ошондой эле энергияны аз сарптоочу 3 вольттуу интегралдык схемаларды чыгарат. Компьютер бөлүктөрүн туташтыруу үчүн «Интел» тез ылдамдыктагы жолчолорду сунуш кылуучу, өзөгү өзүнүн микропроцессору болгон даяр системалык такталарды иштеп чыгат. IBM PC сыйымдуу компьютерлеринде негизинен «Интел» фирмасынын микропроцессорлору: Intel – 8088, 80286, 80286 (SХ, DХ модификациялары), 80486 (SÕ SX2, DX, DX2 ж-à DX4 модификациялары), Pentium, Pentium Proулам жаңы номерлер м-н чыгарылат. «Интел» үстөлгө коюлуучу ж-а мобилдүү (чөнтөк) жеке компьютерди, серверлерди ж-а жумушчу станцияларды, процессор, системалуу плата, телекоммуникациялык ж-а микросхемалардын эсептөөчү виброторун (дирилдегич), тиричилик электроникасын, оптикалык системалар үчүн жабдыктар (продукция) ж. б. чыгарат. «Интелдин» дүйнө боюнча 200дөн ашык бөлүмдөрү бар. Коалицияда 90 миң адам иштейт, ал эми анын базар баасы 150 млрд доллар (2004).