ИНВЕРСИЯ (адабият таанууда)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ИНВЕРСИЯ 1 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНВЕ́РСИЯ (лат. inversio – орун алмаштыруу) а д а б и я т т а а н у у д а – көркөм чыгармада сүйлөмдөгү сөздөрдүн грамматика эрежелерине баш ийдирилбей орун алмашуусу. Ал көбүн­чө ыр түрүндөгү чыгармаларга мүнөздүү болуп, чыгарманын көркөмдүк касиетин жогорулатат, анткени автор сөздөрдүн ордун алмаштыруу ар­кылуу аларга айрыкча маани берет, ыр мыйза­мына баш ийдирет. Азыркы учурда сөздөрдүн орун алмашуусу кыргыз прозасында, айрыкча жаштардын прозалык чыгармаларында да кез­дешет.