ИМАНАКУНОВ Бейшен

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ИМАНАКУНОВ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИМАНАКУНОВ Бейшен (16. 3. 1930-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Сары-Камыш айы­лы) – химик, химия илимдеринин доктору (1972), профессор (1974), КР УИАнын академиги (1997), корреспондент-мүчөсү (1977).

КМУну (1953),

Кыргыз ССР ИАнын химия институтунун аспирантурасын (1956) бүтүргөн. Ошол эле институтта кенже, улук илимий кыз­маткер (1956–68), окумуш­туу катчы (1968–71), лаборатория башчысы (1971–75), дирек­тор (1975–97). КР УИАнын президиумунун башкы оку­муштуу катчысы (1997– 2003) болуп иштеген. 2003- жылдан КР УИАнын президентинин кеңешчи­си. Ал 200дөн ашык жаңы бирикмелерди алып, алардын физика-химиялык мүнөздөмөлөрүн изилде­ген. Кенден алтынды бөлүп алуу боюнча жаңы илимий багытты негиздөөчү. 300дөн ашык илимий эмге­ги, анын ичинде 7 монографиясы, 14 ойлоп табуулары бар. КРдин илимине эмгек сиңирген ишмери (1991), Ж. Баласагун атындагы сыйлыктын (1998) ж-а И. К. Ахун­баев атындагы сыйлыктын (2007) лауреаты. Адам коопсуз­дугу ж-а жаратылыш экологиясы ЭАнын ака­демиги (1999). «Даңк» ж-а эл аралык «Алтын фортуна» медалдары м-н сыйланган.

Эмг.: Взаимодействие ацетамида с неорганическими солями. Ф., 1976; Особенности флотации сульфидов сурьмы и мышьяка (в соавторстве). Ф., 1984; Взаимо­действие гексаметилентетрамина и диметил­сульфоксида с неограническими солями (в соавтор­стве). Б., 1994; Философия, химия, синергетика: к исследованию проблемы сложности. Б., 2002.