ЖАҢЫ-ЖОЛ ( Аксы районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ЖАҢЫ-ЖОЛ 1 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-ЖОЛ , М а л - К а л д ы – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыштак. Ак-Жол айыл округуна караштуу. Мал-Калды суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 870 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен шаарынан 20 км түштүк тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 40 км. Калкы 2722 (2025); негизинен мал чарбасы менен алектенип, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, маданият үйү, дарыкана, амбу­латория бар. Улуу Ата Мекендик согушта кур­ман болгондорго эстелик тургузулган.