ЖАҢЫ-ЖЕР (Сузак районундагы кыштак)
(ЖАҢЫ-ЖЕР 2 барагынан багытталды)
ЖАҢЫ-ЖЕР – Жалал-Абад обллусунун Сузак районундагы кыштак. Сайпидин Атабеков атындагы айыл округуна караштуу. Кара-Дарыя суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 720 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 17 км түштүк тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 25 км. Кыштак 1973-жылы негизделген. Калкы 2960 (2025); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.