ЖАҢЫ-АРЫК (Ак-Суу районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ЖАҢЫ-АРЫК барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-АРЫК – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы кыштак. Кара-Жал айыл округуна караштуу. Каракол – Балыкчы автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1675 м бийикте жайгашкан. Каракол шаарынан 22 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекети­нен 215 км. Калкы 2697 (2023); негизинен мал чарбасы менен алектенет. Орто мектеп, медпункт, клуб, китепкана бар.