ЖАҢЫ-АБАТ (Өзгөн районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ЖАҢЫ-АБАТ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАҢЫ-АБАТ – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Дөң-Булак айыл округуна караш­туу. Деңиз деңгээлинен 995 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 2 км түштүк та­рапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 48 км. 1961-жылы негизделген. Калкы 2612 (2022); негизинен дый­канчылыкта эмгектенет. Төрт ак жана 6 май жуаз, 3 темир устакана иштейт. ФАП бар.